Килиске ракета келип түштү

2 ракета огу Килиске келип түшүүсү менен эки киши каза болуп, төрт киши жараланды

476518
Килиске ракета келип түштү


Кечээ кечинде Сириядан атылган 2 ракета огу Килиске келип түшүүсү менен эки киши каза болуп, төрт киши жараланды. Октордун бирөөсү бош аянтка түшкөн. Тегерекке чачылган шрапнель бөлүкчөлөрү иш жерлеринде чыгымга жол ачты. Чек арадагы коопсуздук күчтөрү октор келген багытка карай жооп беришти. Килиске кечээ түшкө сааттарда да 2 ракета огу келип түшкөн бирок каза болгон же жаралангандар болгон эмес. Бул окуялар боюнча жалпы облуста жыйын жана митинг өткөрүүгө 30 күн тыюу салынды. ​


Тектеш кабарлар