Түрк оливкасы жана оливка майы Канадада таанытылды
Түркия Канаданын Монтреал шаарында 13 – 15 - апрелде өткөрүлгөн SIAL Canada азык – түлүк жарманкесине катышты
Оливка жана оливка майын таанытуу комитети Түркиянын оливка жана оливка майынын экспортун арттыруу үчүн Канаданын Монтреал шаарында 13 – 15 - апрелде өткөрүлгөн SIAL Canada азык – түлүк жарманкесине катышты.
Комитеттин төрагасы Кадри Гюнеш Европа жана Азиянын ар башка өлкөлөрүнөн чоң чирмалар катышкан жарманкеде түрк оливкасы жана оливка майына көрсөтүлгөн кызыгуудан абдан ыраазы экендерин белгиледи.
Жарманкеде 60 өлкөдөн 850гө жакын фирманын катышканын айткан Гюнеш Түркиянын стендин, Канада жана АКШ менен бирге Аргентина, Бразилия, Кытай, Италия, Испания жана Ирак сыяктуу дүйнөнүн төрт тарабынан келген фирмаларды кыдырып чыкты.
Гюнеш Түркиянын 2014 – 2015 - жылдагы сезонунда Канадага 812 миң долларлык оливка майы, 903 миң долларлык да оливка экспорттошкондорун белгиледи.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.