Орус жана түрк балдары EXPO үчүн даярданууда

Түркияда жашаган орус балдар түрк балдар менен бирдикте жарманкеде бийлерин көрсөтүүгө даярданышууда

475066
Орус жана түрк балдары EXPO үчүн даярданууда

Ачылышы 22 - апрелде боло турган EXPO 2016 Анталья үчүн катышуу келишимине кол койгон өлкөлөр бакчаларын курууну улантып, Түркияда жашаган орус балдар түрк балдар менен бирдикте жарманкеде бийлерин көрсөтүүгө даярданышууда.

Орус санат жана маданият коомунун жол башчылыгында Антальянын борбору, Аланья, Манавгат жана Кемер райондорундагы бий клубдарында орус жана түрк балдар мугалимдеринин жетекчилигинде күндүн көпчүлүк бөлүгүн бий менен өткөрүшүүдө.

Үч, он үч жаш арасында жүзгө жакын бала классикалык музыка менен орус жана түрк музыкаларынын коштоосунда өнөрлөрүн тартуулашат. Коомдун төрагасы Ирина Балжы Түркияда балдар майрамынын 23 - апрелде, Орусияда болсо 1 - июнда майрамдалганын белгилеп, маанилүү иш чарага даярданып жатышкандарын айтты. Балдар майрамдары менен бирге EXPOго да даярданышкандарын белгилеген Балжы орус балдары менен түрк балдарынын да сахнага чыгарын белгиледи. EXPO 2016 Анталья агенттиги менен даярдыктарды жүргүзүп жатышкандарын айткан Балжы : «EXPOго Орусия өлкө катары катышпаса да балдарыбыз катышат. Максатыбыз эки өлкөнүн ортосунда достукту түзүү. Бул жерде жашаган оурстардын түрктөр менен күчтүү сүйүү байланышы бар. Балдар биздин достук өкүлүбүз жана бүткүл дүйнө эки өлкөнүн достугун көрөт. Алар орус энеден, түрк атадан төрөлгөн балдар. Мунун өзү тынчтык»,- деди.

«51 өлкө катышууда жана 8 миллион кишинин келүүсүн күтүүдөбүз. Бул эл аралык аренада биз, орус – түрк үй – бүлөлөрү катары канчалык жакшы достугубуздун бар экендигин бүткүл дүйнөгө көрсөтөбүз. Ал жерде бүткүл дүйнө болот жана бүткүл дүйнө түрктөр менен орустардын бир бирин канчалык жакшы көргөнүн көрөт»,- деди Ирина Балжы.



Тектеш кабарлар