Биздин ынтымак жана биримдикке террор коркунуч туудурууда

Эрдоган, Дин иштери башкармалыгынын жетекчилигинде уюштурулган «Куттуу жумалык» иш-чарасына катышты.

472840
Биздин ынтымак жана биримдикке террор коркунуч туудурууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган сектага бөлүнүү, жикчилдик жана террор биздин ынтымак жана биримдикке каршы турган эң маанилүү коркунуч экенин айтты.

Эрдоган, Дин иштери башкармалыгынын жетекчилигинде уюштурулган «Куттуу жумалык» иш-чарасына катышты.

Бул жердеги сөзүндө секталык бөлүнүүлөргө токтолгон Эрдоган: «Биздин бир гана динибиз бар, ал Ислам. Исламдын бириктирүүчү чатырынын астына чогулабыз. Келгиле ынтымактуу бололу»,-деди.

Террор уюмдарынын Исламга чоң зыян тийгизгенин сөз кылган Эрдоган, ДЕАШ, Боко Харам, Аль-Каида деген аталыш менен келип чыккан террор уюмдарынын ислам тууралуу эмне бар болсо бардыгын тең кыянаттыкка колдонуп эң чоң зыянды мусулмандарга ошолор тийгизгенин баса белгиледи.

Эрдоган: «Ачык айтып коеюн, бул террор уюмдарынын исламга тийгизген зыянын эң жаман ислам душмандары дагы тийгизе албайт, тийгизе алган эмес»,-деди.

Эрдоган биримдик жана ынтымакты куруш үчүн террор уюмдарына карай операциялар улана турганын айтты.

Программада сөз сүйлөгөн Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез да, «Адамзатты кайрадан жандантуу, жашатуу жана аброюн көтөрүү үчүн Мухаммед пайгамбардын дүйнөгө алып келген мээримине муктаждык бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар