Эрдоган эл аралык коомчулукка кайрылды

Ислам дининин тынчтык дини экенин баса белгиледи

471336
Эрдоган эл аралык коомчулукка кайрылды

Ислам кызматташтык уюмунун 13-Ислам саммити, мүчө 56 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Стамбулдагы конгресс борборунда башталды.

Түркия бул уюмдун кезектешкен төргалык кызматын Египеттен өткөрүп алды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган саммитке катышкан лидерлерди конгресс борборунун тышында түзүлгөн жана катышуучу өлкөлөрдүн байрактары орун алган платформада тосуп алды.

Эрдоган лидерлер менен өз-өзүнчө саламдашып, кыскача маектешти. Тосуп алуудан кийин чогуу сүрөткө түшүштү.

Президент Эрдоган саммиттин ачылыш сөзүндө, бул саммиттин дүйнөдөгү бардык мусулмандардын жана адам баласынын бакубаттыгына, коопсуздугуна, ырааттуулугуна жана ар ким үчүн жакшы келечекке өбөлгө түзүшүн каалады.

Мусулмандардын эң негизги маселелеринин башында сектанттык бөлүп-жарылуу турганын сөз кылган Эрдоган: «Менин диним сунниттик эмес, шииттик да эмес, менин диним Ислам болуп саналат. Мен так эле 1 миллиард 700 миллион тууганым сыяктуу мусулманмын. Башка айырмачылыктар бул ишеничимдин, бул сыпатымдын тышында»,-деп айтты.

Ислам дининин тынчтык дини экенин баса белгилеген Эрдоган: «Мусулмандык үчүн күн сайын күнөөсүздөргө кол салган, алардын өмүрүн алган, мал-мүлктөрүн талап тоногон террордук уюмдар эч качан бул ыйык диндин өкүлү боло албайт»,-деди.

Саммиттин темасын түзгөн «адилеттүүлүк» менен «тынчтык» түшүнүктөрүнүн ичин толтуруу үчүн шашылбоо керектигине көңүл бурган Эрдоган, кагылышуулардан эң көп зыян тарткан мусулмандар жана Ислам өлкөлөрү экенин белгилеп: «Биз мусулман катары, Ислам өлкөлөрү катары канчалык бири-бирибизди колдосок, үмүттөрү биз болгон күнөөсүздөр анчалык кыйынчылыкка дуушар болушпайт»,-деп айтты.

Эл аралык коомчулукту террор уюмдарына болгон мамилелерин карап чыгууга чакырган Эрдоган, террор коркунучу менен аянтта жүргүзүлгөн операциялар менен катар финансы жана адам ресурстарын жоюп да күрөшүү керектигин билдирди.

Күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын чоң роль ойногонун баса белгилеген Эрдоган, ИКУга мүчө өлкөлөрдүн арасында террорго жана башка кылмыштарга каршы кызматташууну күчтөндүрө турган жана мекемелештире турган түзүлүштү пайда кылуунун туура болоорун айтты.

Ушул түшүнүк менен Түркиянын, Стамбул борбордуу ИКУнун полиция кызматташтыгы жана координация борборунун түзүлүүсү сунушунун кабыл алынганын сөз кылып, бул жаатта көрсөтүлгөн колдоолорго ырахматын айтты.

Сөзүндө Палестина маселесине да токтолгон президент: «Палестина менен кошо аймакта туруктуу тынчтыктын камсыздалышынын эбегейсиз жолу дароо басып алуунун соңуна чыгарылышы жана борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон көз карандысыз Палестинанын курулуусу»,-деди.

Апрель айынын башында АКШнын борбор шаары Вашингтондо болгон 4-Атомдук коопсуздук жыйналышында сөз сүйлөөчүлөрдүн, Париж жана Брюсселдеги террордук кол салуулардан сөз кылып жатканда, Анкара, Стамбул жана Лахордо болгон террордук кол салуулардан сөз кылбаганын белгилеп кеткен Эрдоган, мындай улантты: «Анкара, Стамбул, Лахордогу теракттарда жүздөгөн адам каза болду. Брюсселде, Парижде да 9-10 киши бирөөндө, 30 киши экинчисинде каза болду. Айырмасы жок, бир киши өлсө дагы бүтүндөй адамзаттын өлүмү сыяктуу болот. Бирок аларды айтып жатканда Анкараны, Стамбулду, Лахорду эмне үчүн айтпайсынар? Бул жерде да бул кош мамиле бизди капа кылууда. Террор уюмдарынын бардыгына каршы бирдей чечкиндүүлүк менен күрөшүлүшү зарыл».



Тектеш кабарлар