Түндүк Сириядагы туугандарыбыз менен маселебиз жок

Нуман Куртулмуш, Министрлер кеңешинин негизги күн тартип беренелеринин террор менен күрөшүү жана Сириядагы абалдар экенин түшүндүрдү.

469779
Түндүк Сириядагы туугандарыбыз менен маселебиз жок

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, түрк калкынын добушу менен шайланган Президентке, эч бир абийирдүү киши кабыл ала турбагандай акаарат кылуунун жөн калтырылбай турганын айтты.

Куртулмуш, 13 жылдык мөөнөттөн кийин алгач ирет Анкаранын тышында, Шанлыурфада чогулган Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Германиянын ZDF каналында болгон бул окуянын 78 миллион атуулга оор акаарат түшүнүгүн бергенин белгилеген Куртулмуш, мунун жөн калтырылышы мүмкүн эместигин айтып, «Түркия катары бул адепсиз адамдын немис мыйзамдарынын алкагында бир президентке акаарат кылгандыгы боюнча дароо жоопко тартылышын албетте талап кылабыз»,-деп айтты.

Нуман Куртулмуш, Министрлер кеңешинин негизги күн тартип беренелеринин террор менен күрөшүү жана Сириядагы абалдар экенин түшүндүрдү.

Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин басма сөзгө маалымат берген Куртулмуш: «Түндүк Сириядагы туугандарыбыз менен эч кандай маселебиз жок»,-деди.

«Биз каршы чыккан нерсе Сириядагы бул саясий белгисиздик чөйрөсүнөн пайдаланып кандайдыр бир түрдө Сириянын түндүгүндө бир канча буйруктар менен ал жерде жаңы саясат аянтынын түзүлүшү. Айрыкча Түндүк Сириядагы абалдардын Түркияда террор уюму ПККга колдоо түрүндө кайтышын каалабайбыз»,-деп айтты Нуман Куртулмуш.

Израиль менен алакаларда нормалдашуу процессине да токтолгон Куртулмуш, кечирим суроо, Палестинага коюлган эмбаргонун жеңилдетилиши жана «Мави Мармара» шейиттерине кун төлөнүшү темаларындагы талаптар толук түрдө орундалбастан келишим түзүлө албай турганын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар