Диярбакырда бир аскер дагы шейит болду
Диярбакырдын Хани районунда террористтер тарабынан райондук жандармерия командирлигине жасалган бомбалуу кол салууда 1 аскер шейит болду
469267
- Диярбакырдын Хани районунда террористтер тарабынан райондук жандармерия командирлигине жасалган бомбалуу кол салууда 1 аскер шейит болду.
- Башкы штабдын төрагалыгы кол салууда 39 аскер менен 2 жакынынын жана 2 жарандын жараланганын билдирди.
- ПКК террористтеринин бомба жүктөлгөн унаа менен жасаган кол салуусунда жараланган аскерлер ооруканада дарыланып, аймакта кенен түрдө операция баштатылды.
- Хаккаринин Йүксекова районунда да коопсуздук чамбарын бузуп элет жерине качууга аракет кылган 13 террорист өлтүрүлдү. Өлгөн террористтердин арасында террордук уюмдун Йүксековадагы снайпери да бар.
- Террористтер менен бирге көп сандаган курал жана жарылуучу заттар колго түшүрүлдү.
- Ошол эле учурда Сириядан Түркияга мыйзам тышы жол менен кирген 1 террорист Шанлыурфада жандармерия командирлиги тарабынан камоого алынды.
- Тергөөгө алынгандан кийин сотко өткөрүлгөн террорист сот тарабынан камоого алынды.
- Тунжелиде да коопсуздук күчтөрүнүн «Кобра» тик учурлары менен жүргүзгөн операцияда ПКК террористи өлтүрүлдү.