Түрк жана ирандык ишкерлер жолугушту

Түркия – Иран аралаш экономикалык комиссиясынын 25 - мезгилдик жыйыны Коньяда

467668
Түрк жана ирандык ишкерлер жолугушту
  • Өнүгүү министри Жевдет Йылмаз Түркия – Иран аралаш экономикалык комиссиясынын 25 - мезгилдик жыйынына катышуу үчүн Коньяда.
  • Коньяда боло турган Түркия – Иран иш форуму тууралуу маалымат берген министр Йылмаз : «Иран транспорт, кабарлашуу министри Махмуд Ваиз бул жерде, аралаш экономикалык комиссиянын жыйындарыбыздын акыркы бөлүмүн Коньяда өткөрөбүз. Бир тараптан да Иран жана Түркиядан ишкерлер жолугушат»,- деди. Коньяда эки өлкөнүн да орток баалуулуктары Мевлананын күмбөзү экенин баса белгилеген Йылмаз коноктордун ушундай жерлерди зыярат кылышарын жана Коньянын социалдык чөйрөсүн да көрүү мүмкүнчүлүгүнүн болорун айтты.
  • Өнүгүү министри Жевдет Йылмаз 2016 – жыл Ислам дүйнөсүнүн туризм борбор шаары катары Коньянын белгиленишинин да Конья үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты. Министр Йылмаз : «Коньянын бир топ сектору бар. Экономикалык өнүгүшүндө эң негизги тармактардын бирөөсү да негизинен маданий жана дин туризми. Коньянын өзгөчө ислам борбор шаары болушу ислам маданияты жагынан да абдан маанилүү. Ошондуктан Коньянын таанытылуусу менен туризми башта болуу менен экономикалык мааниде өнүгүшүнө да салымын кошо турган бир мезгил»,- деди.


Тектеш кабарлар