Президент Р. Т. Эрдоган АКШда

Президент Эрдоганды АКШнын түрдүү аймактарында жашаган түрктөр тосуп алышты

461012
Президент Р. Т. Эрдоган АКШда

Президент Р. Т. Эрдоган 31 - март жана 1 - апрель күндөрү боло турган Атомдук коопсуздук саммитине катышуу жана түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШнын борбор шаары Вашингтонго барды.

Эрдоган кала турган мейманкананын алдына АКШнын түрдүү аймактарында жашаган түрктөр чогулушту жана «Ишенимдүү лидер кош келдиң», «Калктын адамы», «Сириялык качкындарды коргогонуң үчүн рахмат» деген плакаттар менен тосуп алышты.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган өздөрүн күтүп жаткан түрктөр менен кыскача маектешти. Эрдоган мейманканага кирип бара жатып журналисттерге берген маалыматында Атомдук коопсуздук саммитине катышарын айтып, Түрк - Америка маданий жана цивилизация борборунун ачылышын да аткарарын айтты. Эрдоган андан кийин кээ бир ой мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Сема Рамазаноглу, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, жаштык жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч менен экономика министри Мустафа Элиташ да катышты.

Ошол эле учурда Ак үй президент Барак Обама менен президент Эрдогандын расмий болбогон сүйлөшүү өткөрөрүн жарыялады. Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест саммитке 50дөн ашуун лидердин катышарын эске салып, Эрдогандын вице – президент Жо Байден менен да эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөрүн айтты.



Тектеш кабарлар