Түркия гуманитардык жардам берүү жактан алдыда

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Түркиянын гуманитардык жардам берүү жактан башка өлкөлөрдүн алдында экенин айтты

453826
Түркия гуманитардык жардам берүү жактан алдыда

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Түркиянын гуманитардык жардам берүү жактан башка өлкөлөрдүн алдында экенин айтты.

Куртулмуш Фатса муниципалитети менен гуманитардык жардам фонду ИХХнын ортосунда Сомалиде жардамга муктаж кишилер үчүн суу кудугунун ачылышына карата өткөрүлгөн протоколго кол коюу аземине катышты.

Нуман Куртулмуш Сомалиге берилген жардамдардын ал жердеги кишилердин Түркияга жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты.

Африкада Европалык ак кишинин Африканы колонияга алганынан арыздар экенин баса белгилеген Куртулмуш : «Европалык ак адам Африкага келсе алмаздарды жана алтындарды уурдап, аларды бири бири менен уруштуруп жарандык согушту көкүтүүдө. Бирок осмондуктардын неберелери барса бир гана жардамдашып, ал жердеги адамдарга башта билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматын беришүүдө. Суу кудуктарын ачып, жолдорду салышууда»,- деди.



Тектеш кабарлар