Антальядагы Expo-2016га даярдыктар уланып жатат
Чавушоглу Антальядагы Expo-2016 аянтын кыдырып чыкты.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, иш-чаралар тынымсыз уланып жаткан Антальядагы Expo-2016 аянтын кыдырып чыкты.
Expo-2016га катыша турган өлкөлөрдүн саны 41ге жеткенин билдирген Чавушоглу: «Биз рекорддук деңгээлде катышуу болоорун айткан элек. Саналуу күндөр калганда балким дагы бир канча өлкө кошулушу мүмкүн. Булардын башында Германия турат. Алар катыша тургандарын билдиришти бирок азырынча протоколго кол коюша элек»,-деди.
Тышкы иштер министр, Expo аянтынын 6 айлык расмий мөөнөттөн кийин ошол бойдон сакталып калышы катышуучу өлкөрдү кызыктырганын айтты.
Түркияда алгачкы жолу өтө турган Expo-2016 Анталья 22-апрелде каалгаларын ачат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.