Түркия сунуштаган долбоор ахлактык жоопкерчиликти камтыйт

Давутоглу расмий сапар менен Анкарада жүргөн Дональд Туск менен өз алдынча жолугушуу өткөргөндөн кийин Чанкая сарайында биргелеше маалымат жыйын уюштурду.

452009
Түркия сунуштаган долбоор ахлактык жоопкерчиликти камтыйт

Премьер-министр Ахмет Давутоглу баш калкалоочу кризси темасында Түркиянын Европа Биримдигине Брюссель саммитинде сунуштаган долбоордун ахлактык жоопкерчиликтин алкагында даярдалганын айтты.

Давутоглу расмий сапар менен Анкарада жүргөн Дональд Туск менен өз алдынча жолугушуу өткөргөндөн кийин Чанкая сарайында биргелеше маалымат жыйын уюштурду.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу: «Бул долбоордун негизи адамзат жагы болуп эсептелет. Дагы көп адамдын Эгей деңизинде чөгүп өлбөшү үчүн, мүмкүн болушунча мыйзамсыз өтүүлөрдүн азайтылышы жана мүмкүн болсо толугу менен жоюлушу үчүн Түркия өз милдети болгон ахлактык жоопкерчиликтин алкагында долбоор сунуштады»,-деди.

Өкмөт башчы Түркия эч качан акча соодалашуусун кылбаганын баса белгиледи. Анкаранын позициясы так болгонун белгилеген Давутоглу, 3 миллиард евро деп белгиленип андан кийин үч жылдын ичинде 6 миллиард еврого жеткирилиши пландалган бул темалардын да саммитте карала турган материалдык жүк бөлүшүүсү боюнча Түркиянын позициясы ачык. Биз, эч качан акча соодалашуусун кылган жокпуз. Эч качан бул маселени материалдык маселе катары көргөн жокпуз. Бул маселе адамзат маселеси болуп саналат»,-деп айтты.

Түркияга келген ар бир баш калкалоочунун ордуна, Түркиядан бир баш калкалоочунун Европага жөнөтүлүшү жана ушундайча тартиптүү көчтүн жолу ачылышы боюнча формуланын үстүндө иштеп жатканын белгилеген Давутоглу: «Бул үчүн бир топ техникалык иштин жүргүзүлүшү керек. Биздин топтор бул иштерди жүргүзүп жатышат. Айрыкча Түркия-ЕБ карым-катнаштарынын тереңдетилиши жагынан өзгөчө визасыз режимдин июнь айына алдыга жылдырылышы үчүн чогуу иштөө чечкиндүүлүгүн көрсөткөнбүз. Анткени артка кайтарып алуу келишими менен бирге визасыз режимдин процесске киршин каалайбыз»,-деп айтты.

Акыркы убакта болуп жаткан теракттарга да токтолгон Давутоглу, террор бүтүндөй адамзат үчүн эң чоң коркунуч болгонун баса белгиледи. Террордун Европа жана аймак калктары үчүн адамзат кылмышы болуудан өтүп маселеге айланганын айткан премьер-министр, «Анкарада акыркы 5 айда болгон бул кол салуулар, чындыгында террордун эч кандай түрдө жикчилдик, этникалык, социалдык тек, саясий көз караш айырмачылыгын кылбастан бүтүндөй адамзатты бутага алганын ортого салды. Террордун кол салуусу түздөн-түз адамзатка жана адамзаттыкты өкүлдүк кылган бардык баалуулуктарга багытталды»,-деген сөз айтты.

ЕБ Консейинин төрагасы Дональд Туск Анкарада мурдагы күнү болгон террор кол салуусун айыптап, «Терроризмди жаңы адаттагы турмуш катары кабыл албайбыз. Канчалык көп болсо дагы буга эч качан көнө албайбыз жана ар дайым күрөшүүбүздү улантабыз»,-деди.

Туск терроризм менен күрөшүү темасында ар дайым Түркия менен колдошууда боло тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар