Эмине Эрдоган Нигерияда балдар үйүнүн ачылышын жасады

Жетимдер үйүндөгү балдарга ар түрдүү белектер берилди.

443546
Эмине Эрдоган Нигерияда балдар үйүнүн ачылышын жасады

Африкага сапарынын үчүнчү бекети болгон Нигерияга барган президент Режеп Таййип Эрдоганды жубайы Эмине Эрдоган да коштоп жүрөт.

Эмине Эрдоган, Нигериянын президентинин жубайы Айше Бухари менен Абуджада Түрк кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (ТИКА) тарабынан жаңыланган балдар үйүнүн ачылышын жасады.

Тосуп алуу салтанаты учурунда Эмине Эрдоганга кичинекей кыз гүл тапшырды.

Ачылыш лентасын Бухари менен бирге кескен Эмине Эрдоган жетимдер үйүндөгү балдар менен жакындан байланыш куруп, эстеликке сүрөткө түштү.

Эмине Эрдоган жетимдер үйүндөгү балдарга ар түрдүү белектерди да берди.



Тектеш кабарлар