ТИКА Румыниядан сыйлык алды

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА төрагалыгы Румынияда «эң көп кызмат кылган мекеме» сыйлыгын алды

439995
ТИКА Румыниядан сыйлык алды

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА төрагалыгы Румынияда «эң көп кызмат кылган мекеме» сыйлыгын алды.

ТИКА Румынияда англис тилинде чыккан бир гана гезит «Nine O'Clock» жюриси тарабынан «Румынияда маданий жакындашууга эң көп кызмат кылган эл аралык мекеме» катары сыйлыкка ылайык көрүлдү.

Румыниянын тышкы иштер министри Лазар Коменаску да катышкан аземде сыйлыкты ТИКАнын Бухарест координатору Ахмет Даштан алды.

ТИКАнын Бухарест координатору Даштан өлкөдө кыска убакытта маанилүү иштерди аткарышкандарын айтты.

ТИКАнын бул жылы да Румыния мекемелери менен кызматташтык ичинде коомчулукка пайдалуу иштерди улантарын белгилеген Даштан, жаңы мезгилде оорукана жана мед пункттардын оңдолуусу менен саламаттыкты сактоо секторуна салым кошууну күтүшкөндөрүн айтты. Даштан : « Айрыкча тарыхый чыгармалардын реставрациясы, билим берүү, маданий жана социалдык проектилер менен коомдук биримдикти күчтөндүрүү жолу менен эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштарды ылдамдатууну максат кылуудабыз»,- деди.

Румыниядагы программа координациялоо офсин 2015 – жылы апрель айында ачкан ТИКА кыска убакытта ишке ашырган проектилер менен күн тартибине келди.

«Ар бир мектепте бир түркчө класс» проектсинин 2015 – жылдагы этабында Добружа аймагында 10 мектепте толук камсыздалган түрк классын түзгөн ТИКА бул класстарда жалпы 2 миң окуучунун дагы жакшы шарттарда билим алуусуна мүмкүнчүлүк түздү.

ТИКА аймакта жалпы 350 бала болгон бала бакчанын короосуна оюн аянттарын курдуртту, Румыниянын жаштык жана спорт министрлигине караштуу Спорт иликтөөлөрү институтунунун Спортсмен перформанстарын өлчөө жана өнүктүрүү лабораториясынын курулушуна жардам берди.



Тектеш кабарлар