Евразияга сереп салуу-8

Евразия аймагында коопсуздук маселеси

439535
Евразияга сереп салуу-8


2016-жыл Евразия аймагы үчүн коопсуздук жана террого каршы күрөшүү жагынан оор жылдардан болчудай. Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Чыгыш Украина жана Ооганстандагы окуялар, ушул коопсуздук жана террорго каршы күрөшүү темасынын аймакта көптөгөн жылдар бою маселе катары кала тургандыгынын көрсөткүчү. Аймактын коопсуздук маселелери каралган эки маанилүү жыйын февраль айынын башында Анкарада өткөрүлдү.

Бул жыйындардын биринчиси 2-февралда Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр мекемесинде «Түркия-Орто Азия-Орусия геополитикалык жактан аймактык коопсуздук саясаттары» деген темада өттү. Үч отурумдан турган конференцияга Германия, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Түркиядан адистер менен академиктер баяндамачы катары катышса, Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн мүчөлөрү жана изилдөөчүлөр угуучу катары катышышты.

Конференциянын ачылыш сөзүн Германиянын Саксония провинциясынын парламент төрагасы др. Маттиас Рёсслер сүйлөдү. Рёсслер орток максаттарынын аймакта тынчтыкты орнотуу экенин билдирди. Проф.др Селчук Чолакоглу жетектеген конференциянын биринчи отурумунда Орто Азия, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулар жана аймактык маселелер каралды. Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркиядан катышкан өкүлдөр терроризмге каршы күрөшүүдө аймактык кызматташуунун маанилүү экенине көңүл бурушту.

Экинчи отурумда болсо эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө сунушталган салымдарга токтолушту.

Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде эмгектенген проф. Др Хүсейин Багжы: «Ушул темага байланыштуу эң чоң маселенин саясий кемчилик экенин белгиледи жана эгерде саясий эрк кемчилиги толукталса технологиянын негизинде террор менен катар бардык маселе чечилиши мүмкүн»,- деди. Москвадагы Мамлекеттик Эл аралык байланыштар институтунда эмгектенген доц. др. Иван Сафранжук радикалдуу агымдардын саясий аскердик жана экономикалык багыттары болгонун айтып, ДЕАШтын Аль-Каидадан айырмаланганын жана Батышка каршы эмес Ислам дүйнөсүндө согуш баштатканын белгиледи. Американын изилдөөлөр борборунун (USAK) төрагасы Мехмет Йегин болсо, терроризмге каршы күрөшүүдө эң маанилүү нерсенин идеологиялык күрөш экенин, бирок бул жагы көз жаздымда калтырылганын белгиледи.

Акыркы отурумда радикализмге каршы күрөшүүдөгү аймактык кызматташуу темасы талкууланды. Билкент университетинен Метин Гүржан, ДЕАШтын шарттуу жана шарттуу эмес жолдорду таасирдүү түрдө колдонгонун жана гибриддик күрөш стратегиясын жүргүзгөнүн белгилеп, ДЕАШты үгүттөөчү тегирмен деп мүнөздөдү. Тажикстандан катышкан Улуттук көз карандысыз медиа коомунун жетекчиси Нуриддин Каршибаев болсо террорго каршы күрөшүүнү өч алууга айландырбастан, адам укуктарын бузбастан жана эркиндиктерге чектөө койбостон улантуу керек экенин баса белгиледи. Улуттук стратегиялык изилдөө мекемесинде өткөрүлгөн конференцияда аймактык коопсуздук маселелеринин талкууланышы жагынан жемиштүү өттү.

Евразия аймагынын коопсуздугун кызыктырган дагы бир жыйын 9-февралда Анкарада өткөрүлдү. Түрк кеңешинин коопсуздук боюнча кеңешүү жыйындарынын үчүнчү айлампасы деген темада өткөн жыйынга Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү мекемелеринен кызматкерлер, Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Анкарадагы элчилери жана элчилик кызматкерлери менен бирге Түркиядан коопсуздук тармагында иш алпарган мекемелердин адистери катышты. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинде өткөрүлгөн кеңешүү жыйынында коопсуздук чөйрөсүндөгү аймактык жагдайлар, терроризм жана чоң коркунучтарга каршы күрөшүү, Жакынкы Чыгыштагы маселелер жана чет элдик террорист согушкерлер менен Ооганстандагы кырдаал каралды.

Аймактык коопсуздук маселеси, кичине же чоң мамлекет дебестен Евразиядагы бардык өлкөлөрдүн негизги маселеси болду. 2015-жылы Ооганстанда 3545 жаран каза болду жана каза болгондордон төрт кишиден бири бала. Евразия өлкөлөрүнөн саны 150ден 2500ге чейин жеткен адамдар Сириядагы террордук уюмга кошулуп кетишти. Орто Азия өлкөлөрүнөн Сирияга барган адамдардын көпчүлүгү бул жерге Орусия аркылуу келип жатышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму, керектүү учурда терроризмге каршы күрөшүүдө Түркмөнстан менен Өзбекстанга колдоо көрсөтө тургандарын билдирди. Бирок маселенин чечилүүсү үчүн ушул сыяктуу жагдайлар жетишсиз болууда. Мындан кийин аймактын коопсуздугу үчүн дагы да кеңири катышуучусу болгон кызматташуу шарт. Жергиликтүү тургундардын жабыркабашы, шаарларда бомбалардын жарылбашы үчүн өз кызыкчылыктарыбызды тең-салмактап жана кеңири катышуучусу болгон кызматташуу механизмин эң кыска мөөнөттө күчүнө киргизишибиз керек.

Программабызды даярдагандар Абдурасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар