Эки террорист дагы шейит болду

Адис сержант Селчук Дост Адыяманда, адис сержант Йеткин Эршан болсо Хатайда жерге берилди

439159
Эки террорист дагы шейит болду

Диярбакырдын Сур районунда террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операцияда шейит болгон 2 аскер түбөлүк жолчулугуна узатылды.

Адис сержант Селчук Дост Адыяманда, адис сержант Йеткин Эршан болсо Хатайда жерге берилди.

Эки шейит менен коштошуп жатканда операциялар улантылып жаткан аймактан эки аскердин дагы шейит болгону билдирилди. Сурда террористтердин кол салуусу менен адис сержант Хакан Мустафа Качар жана Осман Каплан жараланды. Ооруканада берилген бардык жардамдарга карабастан эки аскер куткарыла алган жок.

Шейиттердин жаназасы Диярбакырдагы салтанаттан кийин туулган жерлерине алып барылат. Ошол эле учурда Мардиндин Кызылтепе районунда коопсуздук күчтөрү менен террористтердин арасында чыккан кагылышууларда бир террорист өлтүрүлүп, бир террорист соо кармалды. Коопсуздук күчтөрү террористтер менен бирге курал жана ок – дарыларды колго түшүрдү.



Тектеш кабарлар