Эркин кое берилген журналисттердин ал-абалы суралды
Президент менен премьер-министр Нусайбинде ПКК тарабынан уурдалышынан кийин эркин кое берилген журналисттер менен телефон акрылуу байланышып ал-абалын сурашты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен премьер-министр Ахмет Давутоглу, Нусайбинде ПКК тарабынан уурдалышынан кийин эркин кое берилген журналисттер менен телефон акрылуу байланышып ал-абалын сурашты.
Президент Эрдоган телефондо кабарчылардын ден-соолук абалдарын сурады.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу да фото кабарчы Онур Чобан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Чобан жана жолдошторунун ал-абалын сурады.
Чобандан уурдалып кеткенден кийин кандайдыр бир кыйноого туш болуп болбогону туурасында маалымат алган Давутоглу: «Журналисттик кызматыңарды кылып жатканда ушундай мүшкүлгө дуушар болдуңар. Аман-эсен калганыңар кубандырат»-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.