АКШнын тоң моюндугу

Түрк жооптуу кызматтагылар америкалык жооптуу кызматтагыларга ПКК жана ПЙДнын ортосундагы байланышка тиешелүү документтерди жиберди.

430670
АКШнын тоң моюндугу

АКШ менен террор уюму ПЙД темасында болуп жаткан чыңалуу күчөп баратат.

АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирбинин террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДны колдой тургандарын жарыялашын, бул ирет орун басары Марк Тонер маалымат жыйынында улантты.

Катчынын орун басары Тонер, ПЙДны колдоо улана турганын айтты.

Тонерге Президент Режеп Таййып Эрдогандын Вашингтон бийлигинин сөзү болгон уюмга карата мамилеси туурасындагы сындоолору эскертилди.

Түркия менен АКШнын өнөктөш жана шериктеш экендигине көңүл бурган Марк Тонер, түрк жоопуу кызматтагылары менен терең жана олуттуу сүйлөшүүлөр өткөрүлгөнүн белгилеп, «ПККдан келип чыккан санааркоолорун түшүнөбүз. Бирок ПКК менен ПЙДнын ортосунда ачык айырма бар. Бул темада Түркия менен бирдей көз карашта эмеспиз»,-деп айтты.

Бөлүүчү террор уюумуна каршы Түркиянын чабуулдарын токтотууга чакырган Тонер, «Түркиянын жооптуу кызматтагыларынын ПККнын кол салууларына жооп кайтаруу сыяктуу жоопкерчилиги бар. Биздин каалаганыбыз чыңалуунун басаңдашы жана кайрадан соодалашуу үстөлүнө кайтылышы»,-деп айтты.

Түрк жооптуу кызматтагылардын Америкалык жооптуу кызматтагыларга ПКК жана ПЙДнын ортосундагы байланышка тиешелүү документтерди жибергени боюнча суроого жооп иретинде Марк Тонер: «Түркия менен тынымсыз байланыштабыз. Кандайдыр бир жаңы маалыматты ыраазычылык менен кабыл алабыз»,-деди.

Президент Режеп Таййып Эрдогандын кечээ Америка бийлигине кайрылып, «ПЙД дагы ЙПГ дагы террор уюму экени аттын кашкасындай көрүнүп турат. ПКК кандай террор уюму болсо алар дагы террор уюму. Эй Америка сизге канча жолу айттым. Сиз биз мененби же ушул террор уюму ПЙД жана ЙПГ менен чогуусуңарбы?»-деп айтты.



Тектеш кабарлар