Ахмет Давутоглу Берлинде түрк ишкерлерине кайрылды

Давутуглу сөзүндө Европада инвестициясы болгон ишкерлерден Түркияда да инвестиция салууга чакырды

424214
Ахмет Давутоглу Берлинде түрк ишкерлерине кайрылды

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Түркиянын бардык жеринде тынчтык болгонго чейин террор менен күрөшүүнү улантышарын айтты.

Премьер – министр Давутоглу Германиянын борбор шаары Берлиндеги жолугушууларынын алкагында Түркиянын Германия элчилигинде бул өлкөдө иш алып барган түрк ишкерлерине кайрылды.

Түркияда билим берүүдөн, коомдук башкарууга, иликтөө – өнүктүрүү жана технология инвестицияларынан социалдык жардамдар темасына чейин абдан кенен реформалардын аткарылганын жана улантылып жатканын айткан Давутуглу сөзүндө Европада инвестициясы болгон ишкерлерден Түркияда да инвестиция салууларын, немис же европалык өнөктөштөрү менен Түркияда проектилерге кирүүсү же башка өлкөдөгү инвестициялары менен Түркия экономикасына салым кошууга чакырды.


Этикеткалар: #Түркия , #кабар

Тектеш кабарлар