3-Эл аралык медиа билим берүү программасы башталды

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка катышуучуларга ТРТнын максаттарын жана технологиялык инвестицияларын түшүндүрдү.

403053
3-Эл аралык медиа билим берүү программасы башталды

3-Эл аралык медиа билим берүү программасы ТРТнын жетекчилигинде Антальяда өтүп жатат.
Азия, Африка, Жакынкы Чыгыш жана Балкан өлкөлөрү менен катар 47 өлкөдөн 115 журналисттин катышуусунда өтүп жаткан программанын алкагында бүткүл дүйнөгө жаңырган ТРТнын телеберүү, радио, жаңылык, жаңы медиа, архив жана маалымат технологиялары тармагындагы 51 жылдык тажрыйбасы, көз карашы жана миссиясы бөлүшүлүүдө.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка катышуучуларга ТРТнын максаттарын жана технологиялык инвестицияларын түшүндүрдү.
Гөка: «Биз ТРТны эл аралык билим берүү борборуна да айландыргыбыз келет. Балким муну чогуу ишке ашыра алабыз. ТРТ сиздердин да ТРТңыз болуп саналат. Чындыгында мындан мурдагы алакаларыбызда бир канча тармактардан улам ТРТны базистик борборго айландырууну ансыз деле ойлоп жаткан элек»,-деди.
Башкы директор Гөка: «Ушул технологиялык ат салышууда артта калбоого аракет кылып жатабыз. ТРТнын 4К форматы бул медиа тармагындагы абдан маанилүү өнүгүү болуп эсептелет. Б.а HDнин 4 эсеси. Ошондой эле DAP б.а санариптик аудио Broadcast деген радио уктуруулары. ТРТ бул жерде да алдыга чыгуу үчүн бардык даярдыктарын көрдү. Ал эмес берүүлөрүн баштады. Мындан кийин DAP Plus келет деп ойлоймун»,- деп кошумчалады.
Катышуучулар бир жума бою ТРТнын тажрыйбаларын өз тажрыйбаларына кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар