Түрк аскерлери Мусулга аскерлерди машыктыруу үчүн жайгаштырылат
Ахмет Давтуоглу Түркия Орусия чек арасын бузса эмне болор эле? Мен Орусия калкына кайрылам; биздин жасагандарыбызды түшүнгүлө, көргөн ар бир чаара Түркияны коргоо үчүн»
Премьер – министр Ахмет Давутоглу түрк аскеринин машыктыруу үчүн Мусулга кеткенин айтты. Түркиянын Мусулга аскер жайгаштырары тууралуу чыккан сөздөргө каршы чыккан премьер – министр Ахмет Давутоглу : «Түрк аскеринин Мусулга барганына байланыштуу ар кандай сөздөр айтылууда. Берген жардамдарыбыздан жаңылыш түшүнүүлөрүнө уруксат бербешибиз керек. Аскерлерибиз машыктыруу үчүн барды»,- деди.
Анкарада Түрк - Иш жалпы кеңешинде сөз сүйлөгөн Давутоглу Түркиянын алдыңкылыгынын Ирак жана Сириянын ырааттуулугу жана тынчтыгы экенин белгиледи.
Премьер – министр Давутоглунун күн тартибинде Түркия – Орусия карым – катнаштары да орун алды. Орусиянын лидери Путин башта болуу менен бардык жетекчилерге өздөрүн сынга алуулары керектигин белгилеген Давутоглу : «Көптөгөн күндөрдөн бери Орусия тарабынан оор түрдө сынга алынуудабыз. Мен бул жерде Путин башта болуу менен орус саясатчыларынан сурагым келет : Түркия Орусия чек арасын бузса эмне болор эле? Мен Орусия калкына кайрылам; биздин жасагандарыбызды түшүнгүлө, көргөн ар бир чаара Түркияны коргоо үчүн»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.