Түрк аба жолдорунун максаты

Дүйнөлүк авиация секторунун 5 пайыз өскөнү, Түрк аба жолдорунун 2016-жылдагы өсүүсү андан жогору болоору белгилегенди.

420687
Түрк аба жолдорунун максаты

Түрк аба жолдорунун Башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы келээрки мезгилде Түркия менен Түрк аба жолдору үчүн жаңы take off (учуу) болоорун айтты.
Илкер Айжы Түрк аба жолдорунун ушул жылдын 9 айындагы кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу атаандаштык стратегиялары жана бюджет пландоолорунан улам 50 пайыздан ашканын белгиледи.
Дүйнөлүк авиация секторунун 5 пайыз өскөнүн, Түрк аба жолдорунун 2016-жылдагы өсүүсү андан жогору болоорун белгилеген Айжы: «Быйыл болжол менен 62 миллион жүргүнчү ташыйбыз. Күнүгө орто эсеп менен 1200 конуп-учуу болууда. 2016-жылы 43 жаңы учак флотубузга кошулат. Өсүү, көлөмдү көбөйтүү, жаңы каттамдарды ачуу максатыбыз уланат»,-деди.
1-ноябрдагы шайлоодо улуттун эрктүүлүгүн көрсөткөнүн жана жаңы мезгил башталганын баса белгилеген Айжы: «Түркияда 4 жыл шайлоосуз өтөт. Түркия ырааттуу жана күчтүү түрдө жолун улантат. Мунун албетте секторубузга, компаниябызга, инвесторлорубузга, кызматкерлерибизге, өнөктөштөрүбүзгө оң чагылуулары болот»,-деп кошумчалады.
Дүйнөнүн эң чоң аэропортунун Стамбулдагы курулушу ылдам уланып жатканын жана жакын байкоо салып жаткандарын баса белгилеген Айжы, жаңы мезгилде Түрк аба жолдору жарнама жүзү болоорун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар