Түркия G-20 жыйынында маанилүү маалыматтарды берет

Түркия, Чоң жыйырмалык (G20) саммитинде Сирия кризиси, көч маселеси жана террор темаларына басымдуу токтолууга камданууда.

414160
Түркия G-20 жыйынында маанилүү маалыматтарды берет

Түркия, 14-17-ноябрь күндөрүндө Антальяда өтө турган Чоң жыйырмалык саммитинде Сирия кризиси, көч маселеси жана террор темаларына басымдуу токтолууга камданууда.
Ушул убакка дейре Асад режими жана террор уюмдары темасындагы эскертүүлөрүнө керектүү маани берилбеген, бирок көпчүлүк убакта акылуу болгон Түркия, чечкиндүүлүгүн дагы да арттыруу менен сүйлөшүү үстөлүнө олтурат.
Батыштык өлкөлөр болсо Түркиянын эскертүүлөрүнө кулак салбагандары үчүн улам татаалдашкан Сирия кризиси, баш калкалоочу трагедиясы менен террордун жооптуусу абалына айланды.
Өкмөт бул факторлорду эске алып Чоң жыйырмалык саммитинде шериктештерине жана башка күчтөргө так маалымат берет.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу керек болсо эки тараптуу жолугушууларда, керек болсо жыйналыштардагы кайрылууларында «Эгерде башынан баштап Түркиянын сунуштары кабыл алынганда Сириядагы кризис жана адамзат трегедиясы бул чекке жетмек эмес. ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террор уюмдары ушунчалык күчтөнмөк эмес. Биздин акылуу экендигибиз белгилүү болду. Мындан ары боло тургандарды трибунадан карабайбыз, керек болгон учурларда кийлигишебиз. Өз ишибизди өзүбүз кылабыз»-деген маалыматты беришет.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар