Ахмет Давутоглу Коньяда кубанычын бөлүштү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу туулган жери Коньяда шайлоого баа берди.

407258
Ахмет Давутоглу Коньяда кубанычын бөлүштү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын кадрлары мындан дагы күчтүү түрдө жолун уланта турганын айтты.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглу, шайлоодогу жеңишинде,эң оболу туулган жери Коньяда баа берди.
Борбор шаар Анкарага жөнөөр алдында үйүнүн алдында чогулган калың топко кайрылган өкмөт башчы: «Бул жеңиш бардыгыбыздын жеңишибиз. Бул жеңиш улутубузга таандык»-деп айтты.
Давутоглу жубайы Саре Давутоглу жана өзүн коштогондор менен бирге «Мевлана» аянтына барды.
Чогулган калың топко кайрылган Давутоглу, өздөрүнө добуш берген бербеген,баардык калоочуларга каалгалары ачык экендигин түшүндүрдү.
АК партияга добуш бербегендердин жеңилүү психологиясына кирбөөсү керектигин талап кылган өкмөт башчы: «АК партияга добуш бербеген шайлоочуларга кайрылуудамын. Бүгүн жеңилген эч ким болгон жок, жеңген гана болду. Ал да улутубуз, республикабыз, демократиябыз. Биз ар кимди кучак жайып тособуз жана чын жүрөктөн баарына каалгабыз ачык»-деп айтты.
Давутоглу мээримбизди төгүп адамдарга кам көрүүнү улантабыз деди.


Алдыда 4 жылда кызматта турарын белгилеген Давутоглу, «Бул жеңишке салым кошкон бардык туугандарыбызга Алла таала ыраазы болсун. Буюрса сиздер менен бирге дагы чоң максаттарга жетебиз»-деди.
Премьер-министр Давутоглу сөзүн: «Бүгүн жеңиш жана жарашуу күнү»-деп бүтүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар