Меркель бүгүн Түркияга келет

Меркель Түркияда террор маселесинен тартып көч маселесине чейин бир топ теманы сүйлөшөт.

355359
Меркель бүгүн Түркияга келет

Германиянын канцлери Ангела Меркель бүгүн Түркияга келет.
Европага баш калкалоочу агымы эң көп сезилген өлкөлөрдөн бири Германия, Түркия менен кызматташуусун өнүктүрүүнү каалайт.
Меркель президент Режеп Таййип Эрдоган жана өкмөт башчы Ахмет Давутоглу менен жолугат.
Түркиянын баш калкалоочу маселесинде чечүүчү роль ойногонун сөз кылган Меркель, Түркиянын 2 миллион баш калкалоочу менен эң чоң жүктү көтөргөнүн белгилеп, дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.
Меркель Европага уланып жаткан көч толкунунун Түркия менен кызматташтык кылынбастан чечиле албай турганын айтты.
Сапардын Түркияны эң көп кызыктырган бөлүмү болсо Европа Биримдиги менен сүйлөшүү процесси.
Германиянын канцлери сүйлөшүүлөрдүн аягы жок уланып жатканын, өзүнүн жана өкмөтүнүн мамилесинде да өзгөрүү жок экенин билдирди. Анкаранын буга байланыштуу мамилесинин болсо сүйлөшүүлөрдүн шартсыз түрдө улантылышы.
Сапарда Сириядагы жарандык согуштун келечеги, терроризмге каршы биргелеше күрөшүү жана түрк жарандарынын Европага кирүүлөрүндө виза жеңилдигинин камсыздалышы каралат.

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар