ТҮРКСАТ 4В сапар тартты

Спутник интернеттин бааларын арзандатып, ылдамдыгын көбөйтөт.

355145
ТҮРКСАТ 4В сапар тартты

Түркиянын жаңы байланыш спутниги ТҮРКСАТ 4В сапар тартты.
Спутник Түркия убактысы боюнча саат 23.40та Казакстандын «Байкоңур» космодромунан ийгиликтүү учурулду.
Учуруу убагында ТРТ-Хабер каналынын атайын программасына конок болгон Ахмет Давутоглу: «Биринчи сигналдын тынчтык жана туугандык белгиси болушун каалайбыз»,- деди.
Анкаранын Гөлбашы районундагы космостук станцияга барган транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Феридун Билгин түз эфирде премьер-министр Ахмет Давутоглуна маалымат берди.
Спутник учурулгандан кийин жайгашуу жана орбитадагы сыноолор үчүн 45 күндүк мөөнөт керек.
Түрксат 4В байланыш спутниги аркылуу канал көлөмү жогорулатылат.
Ушундайча спутник интернеттин бааларын арзандатып, ылдамдыгын көбөйтөт.
Таасирдүүлүгү Европа, Азия, Африка, Жакынкы Чыгыш менен бирге Түрк Республикаларын да камтыйт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар