Давутоглу террордук кыймылдын чыгымын жарыялады

Давутоглу кол салууларга байланыштуу териштирүүлөрдө алгачкы белгилер террор уюмдары ПКК жана ДЕАШты көрсөткөнүн билдирди.

392730
Давутоглу террордук кыймылдын чыгымын жарыялады

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Анкарада ишемби күнү болгон террордук кол салууда каза болгондордун саны 99га жеткенин жарыялады.
Өкмөт башчы Давутоглу бир телепрограммага катышып кол салууга байланыштуу маанилүү ачыктоолорду жасады.
Өмүрүнөн ажыраган 99 кишиден 94нүн сөөгү үй-бүлөлөрүнө кайтарылып берилгенин белгилеген Давутоглу: «4ү Түркия Республикасынын жараны болгондуктан үй-бүлөлөрүнө кабар берилди. Бири палестиналык болгону үчүн, Палестинадан үй-бүлөсүнүн келип алышын күтүүдөбүз»-деди.
Давутоглу: «Жанкечтилерден биринин өздүгү белгиленди. Бирөөнүн бармак изи Түркияда чыккан жок.Тышкы байланыштар боюнча изилденип жатат»-деп айтты.
Кол салууларга байланыштуу териштирүүлөрдө алгачкы белгилер террор уюмдары ПКК жана ДЕАШты көрсөткөнүн айткан Давутоглу: «28-майда Хасекеде ДЕАШ, ПКК жана Сирия режими бир үстөлгө олтурушту жана келишишти, оппозицияга кол салуу үчүн чечим чыгарышты. Түркия чек арасын бөлүшүү үчүн ДЕАШ жана ПЙД (ПККнын Сириядагы колу) ал жыйналышта олтуруп, Сирия режими менен келишим түзүштү. Биз үчүн 4 ыктымалдуу шектүү ДЕАШ, ПКК, ДНКП-Ж жана Рейханлы кол салуусунда болгону сыяктуу Сирия режими колдогон террор кол салуусу бар эле»-деди.
Жанкечтилик кыймыл кыла турган кишилердин тизмеси болсо дагы аракетке өтүлбөгүнү жөнүндөгү сындоолорго жооп берген Давутоглу, шектүү деп эч кимдин кармала албай турганын айтты. Давутоглу буларды кошумчалады:«Ар дайым шектүү катары бир канча ысымдар белгиленет. Айтып жаткан нерсем Түркия демократиялык укук мамлекети. Потенциалдуу шектүү деп бирөөнү кармай албайбыз. Түркия антидемократиялык өлкө эмес».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар