Терроризм эч бир ишеничке таандык эмес

Ахмет Давутоглу зомбулук менен коштолгон радикализмдин эч бир агым, дин же этникалык топко жабыштырылбашы керектигин айтты.

385667
Терроризм эч бир ишеничке таандык эмес

Түркия Республикасынын Премьер-министри Ахмет Давутоглу зомбулук менен коштолгон радикализмдин эч бир агым, дин же этникалык топко жабыштырылбашы керектигин айтты.
Давутоглу Бириккен Улуттар Уюмунун 70-мааракелик сессиясынын жыйналыштары өтүп жаткан Нью-Йорктогу жолугушууларынын бешинчи күнүндө АКШнын президенти Барак Обаманын атайын чакырылган кишиси катары «Терроризм менен күрөшүү» саммитинде лидерлерге кайрылды.
Премьер-министр Давутоглу зомбулук менен коштолгон радикализм менен күрөшүү темасында эң жакшы чечүүчү жолдун тынчтык, ырааттуулук, өнүгүү жана адилеттик экенин белгилеп, «Биз убадаларыбызды орундатышыбыз керек жана баалуулуктарыбыздан алыстабашыбыз керек»-деди.
Терроризмдин финансыланышы менен күрөшүүнүн улантылышы керектигин баса белгилеген Давутоглу: «ДЕАШ да Эл Нусра да эч бир террордук топ жалгыз гана чет өлкөлүк согушкерлердин кошулуусу менен кармалып турган жери жок. Адамдардын коопсуздугунун болбошу, үйлөрүнөн ажыроолору, чет элдик душмандыгы, ислам душмандыгы, этникалык кыйынчылыктар зомбулукка баруучу ашкереликке негиз түзүүдө»-деп айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама да өз сөзүндө ДЕШ менен күрөшүүдө Түркиянын ролуна көңүл бурду.
Түркиянын колдоосу менен Сирияда ДЕАШка каршы абадан операциялардын күчөтүлгөнүн белгилеген АКШнын президенти, ДЕАШтын Түркия чек арасы менен байланышынын чоң өлчөмдө үзүлгөнүн жана чет өлкөлүк согушкер агымына бөгөт коюлганын айтты.
Обама ДЕАШтын жеңилүүсү үчүн Сириянын лидери Асаддын сөзсүз кетиши керектигин белгилеп, террор уюмунун жок кылынышы үчүн аскердик, экономикалык жана чалгындоочу бардык мүмкүнчүлүктөр ишке кирише турганынын убадасын берди.
Зомбулук менен коштолгон радикализмдин эч бир ишенич тарабынан колдоого алынбай турганына токтолгон Обама: «Зомбулук менен коштолгон радикализм эч бир динге тийиштүү эмес. Эч кимдин ишеничинен улам профилинин түзүлбөөсү же бута көрсөтүлбөшү керек»-деп айтты.
Саммитке Ирактын президенти Хайдар аль-Абади жана коалиция өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери да катышты.
Абади да өз сөзүндө ДЕАШка каршы күрөшүүгө дагы көбүрөөк колдоону талап кылды.
Франция, Италия, Германия жана Австралиянын тышкы иштер министрлери да ДЕАШ менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүлөрү улана турганын билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар