Премьер - министр А. Давутоглу АКШда

Батыш дүйнөсү ДЕАШка көрсөткөн каршылыкты ПККга көрсөтпөй жатат

353717
Премьер - министр А. Давутоглу АКШда

Премьер – министр Ахмет Давутоглу кечки сааттарда Анкара Эсенбога аэропортунан АКШга кетти. Давутоглу АКШдагы жолугушууларына байланыштуу малыматтарды кеткенден мурда өткөргөн пресс – жыйында билдирди.
ДЕАШКА карата каршылыктын Түркияда акыркы эки айда бир топ жаран жана коопсуздук кызматкерине карата кол салуу жасаган террордук уюм ПККга каршы көрсөтүлө албаганын баса белгилеген Давутоглу : «Биз үчүн террордун дини жана этникалык кимдиги жок. Террорго каршы бардык эл аралык коомдун чечкиндүүлүк менен күрөшүүсү керектигин айткым келет»,- деди.
Давутоглу качкындар маселесин да БУУнун күн тартибине алып келерин айтып, дүйнө лидерлерине кат жибергенин билдирди. Түркия АКШ жана Европа Биримдигинин арасында үч тараптуу механизм сунушун билдиргенин баса белгилеген Давутоглу : «Муну Германиянын канцлери Ангела Меркелге айткан болчумун. Мындай орток механизм үчүн Түркия катары иш алып бардык. Долбоор даярдалды. Булар өкмөт башчыларына билдирилди»,- деди. Давутоглу БУУда Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас менен Палестина байрагын көтөрүшөрүн да билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар