Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Иорданиянын королу Абдуллах жана Катар эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани менен сүйлөштү

389475
Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган Израилдин Иерусалимде мусулмандарга карата эреже бузуулар тууралуу Иорданиянын королу Абдуллах жана Катар эмири шейх Темим бин Хамад Ал Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Эрдоган король Абдуллах менен сүйлөшүүсүндө эл аралык коомдун бул жагдайда аракетке өткөрүү үчүн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биргелеше аракет кылуусу кереткигин баса белгиледи.
Иорданиянын Королу Абдуллах да президент Эрдоганга тема тууралуу аракеттеринен улам рахмат айтып, Израилдин Харем – и Шерифте кылгандарынын кабыл алынгыс экенин белгиледи. Король Абдуллах сүйлөшүүдө террордук кол салууларда шейит болгон аскер жана полициялар үчүн түрк калкына көңүл айтты.
Президент Эрдоган менен Катардын эмири Ал Санинин сүйлөшүүсүндө болсо эки лидер Израилдин кылгандарынын кабыл алынгыс экенин белгилеп, Месжид -и Аксаны бутага алган эреже бузууларга каршы ислам өлкөлөрүнүн биргелеше аракет кылуусу керектигин белгиледи. Сүйлөшүүдө келишпестиктерге себеп болгон бул эреже бузууларга каршы эл аралык коомдун да үнсүз калбашы керектиги белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар