Эрдоган – Олланд сүйлөшүүсү

Олланд Түркиянын сириялыктар башта болуу менен көчмөндөргө жардам берүүсүн колдошкондорун белгиледи

374399
Эрдоган – Олланд сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Франциянын президенти Франсуа Олланд менен телефондо сүйлөштү. Сүйлөшүүдө сириялыктар башта болуу менен көчмөндөргө жардам берүү каралды. Олланд Түркиянын сириялыктар башта болуу менен көчмөндөргө жардам берүүсүн колдошкондорун жана бул тууралуу Түркиянын жанында орун алышкандарын белгиледи.
Эки лидер 3 жаштагы сириялык баланын жансыз денесинин жээкке чыгуусунун, болгон трагедияны ортого салганын жана бул тууралуу Европа Биримдиги башта болуу менен бүткүл дүйнөнүн керек болгон жоопкерчиликти көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.
Олланд Франция катары көчмөндөр тууралуу Түркияга дагы көп жардам беришерин, Европа Биримдигинин Түркия менен дагы көп кызматташтык түзүүсү үчүн аракет кылышарына токтолду.
Франциянын президенти Сирия тууралуу саясий чечүүчү жол табылбаса качкындар маселесинин дагы да күч алышы мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурду.
Президент Эрдоган да Түркиянын азыркы учурда 2 миллион сирялыкка жана ирактыкты багып жатканын белгилеп, жүктү бөлүшүү тууралуу эл аралык коомдун керек болгонду аткаруусун күтүшкөндөрүн айтты. Түркиянын бир тараптан да ДЕАШ, ПКК жана DHKP-C сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшкөнүнө токтолгон Эрдоган француз кесиптешине бул тууралуу союздаш өлкөлөрдүн жардамынын маанисин да эске салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар