Тунжелиде АК партиянын өкүлү уурдалып кетти

ПККлыктар Мазгирт районундагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын райондук өкүлү Сүлейман Жанполатты алып качышты.

371552
Тунжелиде АК партиянын өкүлү уурдалып кетти

Тунжелинин Мазгирт районундагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын райондук өкүлү Сүлейман Жанполат, террор уюму ПККнын мүчөлөрү тарабынан качырылып кетти.
Террористтер Жанполаттын автомобилин буктурмага алып токтотушту.
Унаадагы Жанполатты жана анын жанындагыларды түшүргөн ПККлык террористтер, автомобилди өрттөп жиберишти.
ПККлыктар андан соң Мазгирт районундагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын райондук өкүлү Сүлейман Жанполатты алып качышты.
Бир тараптан ПККлык террористтер Шырнакта аскердик база аймагына алыс аралыкка атуучу куралдар менен кол салды.
Кол салууда 1 айыл коргоочусу жараланды, ага каршы жооп кайтаруудан 2 террорист мерт кетти.
Түрк америка коомчулуктары федерациясынын (TADF) Нью-Йорктун Union Square аянтында уюштурган митингде, Түркияда акыркы мезгилде күчөгөн террордук кол салуулар айыпталды.
Митингде сөз сүйлөгөн федерациянын төрагасы Атилла Пак, батыш өлкөлөрүн террор темасындагы кызматташыктарын Түркия үнүн да көрсөтүүлөрү чакырыгын таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар