Хаккариде бир аскер каза болду
Аймакта абадан жардам берилген операция жүргүзүлүүдө
Хаккаринин Йүксекова районунда террористтер менен коопсуздук күчтөрүнүн арасында чыккан кагылышууда 3 аскер каза болуп, 6 аскер жараланды. Йүксекова районуна 45 километр алыстыктагы Даглыжа аймагында аянттарда иликтөө жана тазалоо ишин аткарып жаткан коопсуздук күчтөрүнө террордук уюм ПКК тарабынан ок атылды. Чыккан кагылышууда 3 аскер каза болуп, 6 аскер жараланды. Жаралуу аскерлер тик учар менен ооруканаларга алып барылды жана азырда кагылышуу болуп жаткан аймакка көп сандаган кошумча күч жиберилди. Террористтердин таасирсиз абалга алып келинүүсү үчүн аймакта абадан жардам берилген кенен масштабдуу операция жүргүзүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.