Президент Эрдогандын билдирүүсү

Президент Эрдоган: «Учурда 90-жылдардын Түркиясы эмеспиз. 2014-жылы 10-августта элдин добушу менен шайланган президент бар»-деп айтты.

313001
Президент Эрдогандын билдирүүсү

Кытай жана Индонезия сапарларынан кийин Пакистандын борбор калаасы Исламабадга өткөн президент Режеп Таййип Эрдоган, учакта баратканда журналисттерге маалымат берди.
Бөлүүчү террор уюму ПКК жана ДАЕШке каршы операциялардан баштап Түркиянын күн тартибиндеги маанилүү маалыматтарды бөлүшкөн Эрдоган, «кайра 90-жылдарга кайтылды» деген сереп салууларга жооп иретинде, «Эми ал мезгилдерге орун жок. 2013-жылы бизге курал таштоо убадасын беришкен эле, бирок террордук кол салууларга кайра башташты. Мамлекет албетте карап турбайт, тура албайт. Президент катары биз да карап тура албайбыз. Президент катары конституцияда берилген роль кандай болсо, ал ролду ар дайым милдеттенүүм керек. Учурда 90-жылдардын Түркиясы эмеспиз. 2014-жылы 10-августта элдин добушу менен шайланган президент бар»-деп айтты.
Террорго каршы операциялардын алкагында Түркия-АКШ карым-катнаштарына токтолгон президент Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама менен 22-июлда телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөнүн белгилеп, «-Бөлүүчү террор уюмунун, чыгышта, түштүк чыгышта, чоң шаарларыбызда кылгандары демократиялуу бир өлкө үчүн кабыл алынгыс, кечирилгис нерселер. Бул кылыктарга каршы өкмөт, мамлекет албетте керектүү кадамдарды таштоого аргасыз эле. Ал окуяларга дагы көп чыдап туруу мүмкүн эмес эле. ДАЕШ жана ПКК менен кошо террор буталарына каршы жүргүзгөн операцияларга байланыштуу союздаштарыбыз баштаган тийиштүү мамлекеттерди да маалыматтандырдык. Бүткүл дүйнө таштаган кадамдарыбызды урматтагандарын билдиришти»-деди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар