Террор менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз

Ахмет Давутоглу Түркия калкын чагымчылыктарга алдырбоо чакырыгын салды.

383486
Террор менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпайбыз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркия Республикасынын Өкмөтү катары ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин да террор менен күрөшүүдөн эч качан баш тартпай тургандарын билдирди.
Давутоглу социалдык бөлүшүү барагы твиттер эсебинен Суручтагы террордук кол салууга байланыштуу билдирүүсүндө, «Биз колуна курал көтөрүп, бомба көтөрүп кыргын салгандарга өткөндө террорист деп келгенибиз сыяктуу эле учурубузда да террорист деп айтуубузду улантабыз»-деген серебин салып, ДЕАШ жана буга окшогон уюмдардын эч качан максаттарына жете албай тургандарын белгиледи.
Аймагындагы кризис жана баш аламандуулукка карабастан Түркиянын ыраатсыздыкка сүрүлүшүнө эч качан уруксат бербей тургандарын баса белгилеген өкмөт башчы, Түркиянын ушул убакка дейре көп жолу буга окшогон чагымчылыктарга дуушар болгонун жана улуттун акыл эстүүлүгү менен жаман ойлор четке кагылганын белгилеп кетти.
Давутоглу: «Учурубузда да биримдик жана ынтымагыбызга, тынчтык жана ырааттуулугубузга чок салган бул чагымчылыкты улутубуздун акыл-эстүүлүгү менен четке кагабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар