Түрк Кызылайынан Сирияга майрам жардамы

Жардам материалдарынын ичинде кийим – кече, оюнчак, азык – түлүк, килем, жууркан, окуу куралдары жана суу бар

380755
Түрк Кызылайынан Сирияга майрам жардамы

Түрк Кызылайы жана кээ бир жардам мекемелери Сириянын Идлиб, Латакия жана Халеп шаарына 32 унаалык гуманитардык жардам жиберди. Жардам материалдарынын ичинде кийим – кече, оюнчак, азык – түлүк, килем, жууркан, окуу куралдары жана суу бар.
Түрк Кызылайынын Хатай тобунун жетекчиси Саваш Авжы 15 унаанын Жилвегөзү чек ара капкасынан, 12синин да гуманитардык жардамдар үчүн ачылган Атме кыштагынан Сирияга өткөнүн жана жардамдардын Идлиб жана Халеп шаары менен элеттеги согуштан жапа тарткан үй – бүлөлөргө жеткирилерин айтты. Авжы 5 унаадагы жардамдын да Латакия элетиндеги Байырбужак түркмөн аймагына жеткирүү үчүн Арфалыда күтүп жаткан Сирия унааларына жүктөлгөнүн белгиледи.
Жардам материалдарынын түркмөн тоосунун жакындарында өз мүмкүнчүлүктөрү менен жашаган үй – бүлөлөргө жеткирилгенин айткан Авжы : «Аларга майрам белеги катары беригибиз келет. Ушул себептен Рамазандын акыркы күндөрүндө сириялыктардын муктаждыктарынын камсыз кылынуусу жагдайында иштерибиз ылдамдык менен улантылат»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар