Бир группа сириялык баш калкалоочу өлкөлөрүнө кайтууда
Паспорту болгон баш калкалоочулар жанына алып келген буюмдары менен өлкөлөрүнө кайтышты.
Рамазан майрамын өлкөлөрүндө өткөрүүнү каалаган сириялыктар Өнжүпынар чек ара капкасына келишти. Артта калтырган туугандары менен майрамды өткөрүүнү каалаган бир группа сирялык Өнжүпынар чек ара капкасына келишти. Паспорту болгон баш калкалоочулар жанына алып келген буюмдары менен өлкөлөрүнө кайтышты.
Чек арадан өтүүнү каалагандардын майрамга чейин дагы да көбөйүүсү күтүлүүдө. Сириялык Ахмет Хоссан Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматында Асаддын кол салууларынан улам 3 жыл мурда Килиске келгенин билдирди. Майрамда Халепте болорун айткан Хоссан : «Бир майрамга дагы капалуу кирип жатабыз. Кудай буйруса эртерээк согуш бүтүп, биз Сирияга кайтабыз»,- деди. Фатма Мерием болсо майрамда туугандары менен бирге боло тургандыгы үчүн абдан бактылуу экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Өнжүпынар чек ара капкасы чыгарылган чечимдердин негизинде 9 - мартта жөө жана унаалардын киришине жабылган болчу. Гуманитардык жардам жана саламаттык сактоо топторунун тышында кирүүгө уруксат берилбеген капкада бир гана чыгууга уруксат берилүүдө.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.