Түркия 850 баш калкалоочуга кучак жайды

Тель Абьядда кечээ бир күн бою тынымсыз уланган кагылышуулардын себебинен сириялыктарТүркияны көздөй качышты.

327181
Түркия 850 баш калкалоочуга кучак жайды

Сирияда кыргын салган террордук уюм ДЕАШ жакынкы заманда таштап кеткен Тель Абьядга дагы бир жолу кол салды.
Мотоциклчен он кишилик топ кол салуусунда жарандарды бутага алды.
Кечээ бир күн бою тынымсыз уланган кагылышуулардын себебинен сириялыктарТүркияны көздөй качышты.
Окуяларда ДЕАШтын окторуна бута болгон 6 киши жараланды.
Жаралуулар Шанлыурфанын Акчакале районунда дарыланып жатса, бирөө жолдо каза болду.
Биринчи баскычта орто эсеп менен 850 баш калкалоочу зым тосмолордон ичкериге алынды.
Террордук уюм ДЕАШ болжол менен эки жылдан бери кармап турган Тель Абьядды, аймактагы күрт топтордун кол салуусунун негизинде таштап кеткен болчу.
Бул учурда коалиция күчтөрүнүн абадан чабуулу жана кагылышуулар күчөгөндүктөн 23 миңдей сириялык Акчакале чек ара капкасынан өтүп Түркияга баш калкалаган эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар