Ылдамдыгыбыз токтогон жок, улана берет...

Өкмөт башчы Давутоглу Түркиянын экономикалык ылдамдыгы токтоосуз улана турганын билдирди.

312095
Ылдамдыгыбыз токтогон жок, улана берет...

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркиянын 13 жылда жетишкен күч кудрет жана мээримдүүлүгүнө мындан ары туруктуулук киригизүү үчүн бардык шартта иштөөсүн уланта тургандарын айтты.
Стамбулда Бирлик фондунун ооз ачуу тамагына катышкан өкмөт башчы Давутоглу, 7-июнь шайлоолоруна токтолду жана шайлоо жыйынытктарын урматтагандарын, колдорунан келгенин кыла тургандарын айтты.
«Ылдамдыгыбыз эч токтогон жок, эч токтобойт»-деген Давутоглу: «Бирөөлөр Түркиянын алдыбыздагы мезгилде рецессияга кире турганын, карапайым калкка жеткен колунун күчтөн тая турганын эсептеп жыргап жатышкан болушу мүмкүн. Биз болсо ошол чөйрөлөрдүн алып келүүгө, түзүүгө аракет кылган жаман ойлуулукка каршы, дагы чоң умтулуу менен, дагы чоң чечкиндүүлүк менен үмүттүү түрдө келечекке карап, «ким эмне десе десин кербен жолго чыкты. Биз жолубузду улантабыз» дейбиз»-деп айтты.
Дүйнөлүк качкындар күнүндө капа болгондорун жана сыймыктангандарын түшүндүргөн өкмөт башчы, Түркиянын эң көп баш калкалоочуну батырган өлкө экендигин эске салды.
Давутоглу: «Бүтүндөй улутубуздун атынан дагы бир жолу айтамын, Анадолу жерлери аларга да кучак жаят, аларды да бооруна кысат, аларга да мээримин төгөт»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар