7 - апрелдеги шайлоонун так жыйынтыктары

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 258, Республикалык элдик партиясынын 132, Улуттук Кыймыл партиясы жана Калктын демократиясы партиясы 80ден депутат чыгарды

309613
7 - апрелдеги шайлоонун так жыйынтыктары


Жогорку Шайлоо Кеңешинин төрагасы Сади Гүвен шайлоодон 11 күндөн кийин берген маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 40, 87 пайыз, Республикалык элдик партиясынын 24, 95 пайыз, Улуттук кыймыл партиясынын 16, 29 пайыз, Калктардын демократиясы партиясынын болсо 13,12 пайыз добуш алганын айтты.
Өлкө ичи, өлкө тышы жана бажы үкөктөрү да болуу менен 47 миллион 507 миң 467 кишинин добуш бергенин белгилеген Гүвен шайлоого катышуунун 83, 92 пайыз болуп ишке ашканын айтты.
Жогорку Шайлоо Кеңешинин бул билдирүүсүнөн кийин кезек ант берүү салтанатына келди. 25 - мезгилде кызмат кыла турган депутаттар шейшемби күнү ант берүү аземи үчүн саат 15те Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде чогулат.
Эң картаң мүчө Республикалык элдик партиясынын мүчөсү Дениз Байкалдын убактылуу жетекчилигинде чогула турган парламентте депутаттар облустук тизмеге карата трибунага келип Конститутциядагы ант берүү текстин окушат.
Бул биринчи жыйында парламенттин башкаруучулугу үчүн шайлоо процесси да башталат. Парламент чогулган күндөн баштап беш күндүн ичинде талапкерлер билдирилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар