Эрдоган - Байкал сүйлөшүүсү

Дениз Байкал Эрдогандын бардык коалицияга ачык экенин билдирди

300662
Эрдоган - Байкал сүйлөшүүсү

Республикалык элдик партиясынын мурунку лидерлери жана Анталья депутаты Дениз Байкал президент Р. Т. Эрдогандын бардык коалициялык чечүүчү жолго ачык экенин айтты. Дениз Байкал президент Р. Т. Эрдоган менен тышкы иштер министрлигинин турак жайында өткөргөн жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Түркияда ырааттуулуктун эртерээк түзүлүшү тууралуу Эрдоган менен орток бир түшүнүккө ээ экендерин айткан Байкал : «Мен да Түркия да бул ыраатсыздык мезгилин эртерээк ашып түшүүсүн ойлоп жатат, урматтуу президенттин да ушундай ойлоп жатканын көрдүм»,- деди. Эрдогандын коалиция чечүүчү жолуна ачык экенине көңүлдөрдү бурган Байкал : «Бардык коалиция чечүүчү жолуна ачык экенин көрдүм. Оппозициянын өз арасында коалиция түзүүсүнө нааразычылык болбогонун ыраазычылык менен көрдүм. Урматтуу президенттен эртерээк өкмөттү түзүүнү ойлоп жатканын, ыктымалдуу бардык моделдерди карап чыгууга оң карай турганы боюнча таасир алдым»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар