«Түркия – Сирия достук фестивалы» өткөрүлөт

Хатайдын Рейханлы районунда муниципалитеттин жол башчылыгында 20 – 21 - майда «Түркия – Сирия достук фестивалы» өткөрүлөт

273199
«Түркия – Сирия достук фестивалы» өткөрүлөт

Рейханлы муниципалитетинин төрагасы Хүсейин Шанверди берген жазуу түрүндөгү маалыматында жарандык согуштан улам Түркияга баш калкалаган сириялыктарга кучак ачышкандарын эске салып, Түркиянын меймандостугу менен башка өлкөлөргө үлгү болгонун баса белгиледи. Фестивалда Түркия жана Сириянын фольклор, музыка, кол өнөрчүлүгү жана тамак маданияты таанытыларын белгилеген Шанверди айрыкча музыка уктуруу, стол тенниси турнири, балдар жарышы жана түрдүү көңүл ачуулар менен өткөрүлөрүн жана фестивалда Угур Ышылактын концерт берерин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар