Антальяда Түркия-Катар жыйыны өттү
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери аймакта кан төгүлүшүнүн токтошу, ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн кызматташтыктын улана турганы боюнча маалымат берди.
Түркия менен Катардын ортосундагы Жогорку стратегиялык кеңештин тышкы иштер министрлеринин жыйналышы Антальяда өттү.
Жыйналышта негизги тема Йемен болсо, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери аймакта кан төгүлүшүнүн токтошу, ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн кызматташтыктын улана турганы боюнча маалымат берди.
Катардын тышкы иштер министри Халид бин Мухаммед Аль-Аттия Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолукту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана стратегиялык карым-катнаштарга баа берилди.
Мевлүт Чавушоглу Түркиянын аймактык темаларда Катар менен бирдей көз карашта болгонун белгилеп, «Йемен, Сирия, Ирак, Ливиядагы абалдар жана бул жердеги кагылышуулардын, террордун, кандын, көз жаштарынын, зулум режимдердин, эзүүчүлүктүн соңуна чыгарылышы темаларында бирдей көз караштабыз»-деди.
Эки министр Йемен темасында чыгарылган чечимдерге баш ийилиши керектигин баса белгиледи.
Ок атуунун токтотулушун көздөгөн келишимге кол коюлганын сөз кылган Аль-Аттия: «БУУнун коопсуздук кеңешинде чыгарылган бул токтомдун сөзсүз ишке ашырылышы керек. Бул адамдык киришүү. Дары-дармек жана гуманитардык жардамдардын муктаж болгондорго жеткирилиши зарыл»-деп айтты.
Мевлүт Чавушоглу да БУУнун токтомуна ар кимдин баш ийиши жана урматташы керектигин белгилей кетти.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.