Эрдогандын чакырыгы

Эрдоган: «Рум тарап Кипр сүйлөшүүлөрүндө кыйынчылык жаратуудан баш тартышы керек»

265205
Эрдогандын чакырыгы


Президент Режеп Таййип Эрдоган Кипрде Рум тараптын сүйлөшүү процессин дөңгө түртүүдөн баш тартуусу керектигин айтты.
Президент бул ишке ашкан учурунда 2015-жылдын Кипрде чечүүчү жол табылган жыл болоорун сөз кылды.
Расмий сапар менен Анкарага келген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Президенттик сарайында жолугушкан Эрдоган, айрыкча Грециянын да сүйлөшүүлөргө конструктивдүү салым кошушу керектигин айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы болсо чечүүчү жол табуу үчүн аралда эки тараптын бирдей пикирге келүүсү керек экенин сөз кылды.
Акынжы Түркиядан абдан ыраазы болуп кайтты.
Мустафа Акынжы аэропорттогу билдирүүсүндө, пайдалуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгилеп, сапардын бардык жагынан жакшы деңгээлде болгонун сөз кылды.
Акынжы түрк жооптуулардын чечүү жол табуу аракетинде чоң чечкиндүүлүк байкаганын айтты.
Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен алдыбыздагы күндөрдө жолугушуп сүйлөшүүлөрдү баштата тургандарын эске салган Акынжы, Анкарага сапарынын чечүүчү жол табууда маанилүү экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар