Түркия Жогорку Улуттук Парламентинде 23 - Апрель майрамы
1915 - жылдагы окуялары 23 - апрель күнү саясатчылардын да күн тартибинен орун алды
Түркия Жогорку Улуттук Парламенти ачылышынын 95 - жылында 23 - Апрель майрамын өткөрдү. 1915 - жылдагы окуялары 23 - апрель күнү саясатчылардын да күн тартибинен орун алды. Премьер – министр Ахмет Давутоглу Орусиянын президенти В. Путиндин 1915 - жылдагы окуялар тууралуу «геноцид» деп айтуусуна каршы чыгышты жана керектүү кыймылдарды аткарарын айтты. Путин менен Франциянын президенти Олланддын Арменияда бүгүн боло турган эскерүү салтанаттарына катышуусун сынга алган премьер – министр мунун Минск тобунун тарапсыздыгына көлөкө түшүрөрүн белгиледи. Армян дооматтары тууралуу : «100 жыл мурунку кыйынчылыктар аркылуу саясат жүргүзүүгө аракет кылгандар бар»,- деген Давутоглу : «Баары менен тарыхты сүйлөшүүгө, беттешүүгө даярбыз, бирок келгиле бетме – бет сүйлөшөлү»,- деди.
Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели да Америка менен Европанын геноцид деген сөздү колдонуп же колдонбошуна карабоо керектигин айтып: «Бул маселе Түркия күн тартибинен чыгуусу керек»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.