Чанаккаледеги аземдерге дүйнөлүк медиа да катышат

Гелиболуда өткөрүлө турган аземдерде 14 өлкөдөн 1 миң 100 журналист кызмат кылат.

244544
Чанаккаледеги аземдерге дүйнөлүк медиа да катышат

Чанаккаледеги аземдерге дүйнөлүк медиа рекорддук катышуу менен байкоо салат.
Чанаккале согушунун 100 жылдыгынан улам 24-25-апрелде Гелиболуда өткөрүлө турган аземдерде 14 өлкөдөн 1 миң 100 журналист кызмат кылат.
Аземдерде түрк басма сөз органы менен катар Кытай, Франция, Италия, Польша, Болгария, Канада, АКШ, Азербайжан, Германия, Ирак, Австралия, Жаңы Зеландия жана Англиядан келе турган медиа органдарынын мүчөлөрү кызмат кылышат.
Аземдерге катыша турган журналисттер Эжеабат портунан тобу менен чыгышып Шейиттер эстелиги, Англис эстелиги, Француз эстелиги, Анзак эстелиги, Австралия эстелиги, 57-полк шейиттиги жана Жаңы Зеландия эстелиги менен катар 7 аянтты өз өзүнчө кыдырышат.
Эжеабат портунда курула турган медиа чатырында журналисттерге бардык темада жардам көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар