Испанияда үч түрк каза болду
Малага шаарындагы Марбелья эс алуу аймагына барган группадан Шакир Челик жана Сердар Фидан менен мугалимдери Үмит Налбант сууга чөгүп каза болду.
Чанаккаленин Гелиболу районундагы Анафарталар атайын билим берүү лицейинен эл аралык бир проектинин негизинде Испанияга жиберилген 100 окуучу жана 2 мугалимден жаман кабар келди. Малага шаарындагы Марбелья эс алуу аймагына барган группадан Шакир Челик жана Сердар Фидан менен мугалимдери Үмит Налбант сууга чөгүп каза болду. Ооруканага жаткырылган төртүнчү кишинин абалы болсо оор.
Марбелья муниципалитети окуядан кийин шаарда 3 күн аза күтүү жарыялады. Андалуси губернаторлугу да окуя тууралуу териштирүү баштатты. Испания басма сөзү пляжда эч бир жан куткаруучунун болбогонун жана деңиздин абалын белгилеген байрактын илинбегенине көңүл бурду.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.