Папа Францискке Анкара каршылык көрсөттү

Ватикандын Анкарадагы элчиси Антонио Лусибелло тышкы иштер министрликке чакырылды.

234368
Папа Францискке Анкара каршылык көрсөттү

Папа Францисктин Ватиканда өткөрүлгөн сыйынууда сүйлөгөн сөзүнө Анкара каршылык көрсөттү.
Ватикандын Анкарадагы элчиси Антонио Лусибелло тышкы иштер министрликке чакырылды.
Түркиянын каршы чыгуусу тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары, элчи Левент Мурат Бурхан тарабынан Ватикандын элчисине билдирилди.
Жолугушууда Түркиянын андагы сөздөрдөн көңүлү калганы айтылып, ишенимин жоготушуна себепчи болгон мамилесинин жоопсуз калбай турганадыгы билдирилди.
Айрыкча Папа Францисктин сөзүндө жалгыз гана христиан армяндардын кайгырууларынан сөз кылынышына, мусулмандарга жана башка ишенген топтордон каза болгондорго эч орун берилбеши түшүнүксүз болгону белгиленди.
Папанын адамзаттыктын эң чоң айыбы болгон «холокостко» дагы ачык түрдө шилтеме кылбастан жалгыз эле армян дооматтарын сөз кылганына жана ошол эле мзегилде Анадолуда каза болгондорго эч кандай кайрылбагандыгына каршылык көрсөттү.
Бул мамиленин бир дин ишмерине жарашпаганына көңүл бурулду.
Папанын ачыктоолорунун ноябрь айындагы Түркия сапары убагында жана андан кийин берген тынчтык билдирүүлөрүнө карама-каршы келгени эске салынды.
Ватикандын элчисинин Тышкы иштер министрлигине чакырылышынан кийин тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу да твиттерде маалымат жарыялады.
Чавушоглу: «Папанын тарыхый жана укуктук себептерге туура келбеген баяндоосу кабыл алынгыс. Диний органдар, негизсиз жалаалар менен жек көрүү жана кек сактоону күүлөй турган жер эмес» деген сөздөрдү жазып папа Францисктин билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөттү.
Папа Франциск Ватиканда армяндар үчүн өткөрүлгөн сыйынууда 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армяндардын бир жактуу көз караштарын чагылдырган сөздөрдү айткан.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар