Президент Эрдогандын Иран сапары аяктады

Йеменден баштап аймактык маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар кеңири каралып чыкты.

230658
Президент Эрдогандын Иран сапары аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Ирнага бир күндүк сапар менен барды.
Эрдоган жана Ирандын президенти Рухани, Йеменден баштап аймактык маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды кеңири карап чыгышты.
Ирак жана Сирияда жүз миңдеген киши каза болгонуна көңүл бурган Эрдоган: «Муну кабыл алуу мүмкүн эмес, биз чогулуп алып эми өлүмдөрдү токтотушубуз керек»-деди.
Ирандын президенти да Йемен кризисине шилтеме кылып, толук ок атпоонун камсыздалышын каалагандарын баса белгиледи.
Эрдоган-Рухани жолугушуусунда Йеменде тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн биргелеше иштөө темасында макулдашылды.
Буга караганда Йемен, Сауд Арабия жана аймактагы башка өлкөлөр менен сүйлөшүлүп бир механизм боюнча такташкандан кийин, ал план аткарылмакчы.
Делегациялар болсо Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынында чогулду.
Жыйналышта 8 келишим жана бир меморандумга кол коюлду.
Президент Эрдоган 30 миллиард доллардык соода көлөмү үчүн, эки өлкөнүн өз акча бирдиктерин колдонушун талап кылды.
Эрдоган Тегеран сапарында Ирандын диний лидери Айетуллах Сеййид Али Хаманей менен да жолукту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар