Эрдоган Иранга барат
Түркия - Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны өткөрүлөт
225737
Президент Р. Т. Эрдоган Ирандын мамлекет башчысы Хасан Руханинин чакыруусу менен коштоосунда кээ бир министрлер да болгон делегация менен 7 - апрелде Иранга барат. Түркиядан Иранга президенттик деңгээлде 4 жылдык аралык менен жасала турган бул сапарда Түркия - Иран жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны өткөрүлөт.
Эрдоган Ирандын лидери Айетуллах Али Хаманей жана мамлекет башчы Рухани менен Тегеранда жолугушат. Сапар учурунда Түркия - Иран ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар бардык жактары менен каралат. Айрыкча аймактык жана эл аралык темалар тууралуу пикир алышууларда болушат.